www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына онлайн катышты.

Ал өз сөзүндө 2025-жылга чейин Евразия экономикалык биримдигинин алкагында экономикалык интеграцияны тездетүү жана климаттын өзгөрүүсүнө жараша көмүртекти аз өндүрүү боюнча кызматташуу, соода-алаканы жакшыртуу маселелерин козгоду.

Энергетикалык коопсуздук өтө маанилүү экенин баса белгилеп, газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүү зарылдыгын да айтты. «Биримдиктин жалпы газ рыногун калыптандыруунун негизги максаттарынын бири – ага мүчө мамлекеттердин газ муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат. Буга байланыштуу, биз жалпы газ рыногунун өз убагында иштей башташын камсыз кылышыбыз керек жана Кыргызстан газ боюнча бардык өлкөлөр менен макулдашылган эл аралык келишимдер долбоорун кабыл алууну жактайт», - деди Жапаров.

Мындан тышкары, Жапаров азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун жолдору, тамак-аш тартыштыгынын алдын алуу тууралуу да сөз кылды.

Евразия экономикалык биримдигИ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин, 2015-жылы, бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. Соңку жылдары Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер коомчулукта жана парламентте байма-бай айтылып келет. Айрым эл өкүлдөрү ачык эле биримдиктен чыгып кетүүнү сунуш кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости