www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия News: Полковник Улан Султановдун «ириген» ишмердиги

Эрксизден баш чайкайсын. ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Улан Султанов атасы Алымбай Султановдун аркасынан карьералык өсүш кылганы маалым. 2010-жылы Алмазбек Атамбаев бийликке жетип, кан кудасы Алымбай Султановду жогорку кызматка алып келген. Ошондон тарта баласы Улан тездик менен жетекчилик орундарды аркалап, акыры Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин начальнигине секирик жасаган.

Бул жактан жасалма кылмыш иштерин уюштурушканы, кызматкерлери байма-бай коррупция, паракорчулукка айыпталышканы унутулдубу? Иштей албай кыйла чайналып жүргөнү уу-дуу кеп жаратчу. Кызык, полковник Улан Султанов Октябрь РИИБин эптей албай, өздүк курамдын нааразычылыгы жаралып, жогорку жетекчиликтерге тоголок каттар жазылса да, адилетсиз бийликтин колдоосу менен бир канча жыл сүйрөлүп жүргөн.

Акыры ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилигине которулду. Учурда эмнени кыйратып жатканы белгисиз. Качанкыга чейин атасынын аркасы, жердешчиликтин желаргысы менен манчыркай берет? Бизнесине, байлыгына кызыгып койчу жан жокпу? Жообу да бериле турган убакыт келет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости