www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик катчы: Шайлоо — саясатчылар үчүн люстрация

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирет. Ал эл арасындагы люстрация талабына токтолгон.

«Эң туура! Бул мүдөөнү баарыбыз колдойбуз. 15 жылдан бери люстрацияны ишке ашырабыз деп какшап келе жатабыз. Бирок ишке ашпай жаткан. Эми, мына, ишке ашыруу процесси башталды. Президент тарыхыбызда биринчи жолу люстрацияны жүзөгө ашыруу үчүн элге шарт түзүп берди. 36 депутат түздөн-түз аймактардан шайланып келет. Өзүңөрдүн ишенген өкүлүңөрдү шайлап аласыңар. Бирөө-жарым кысым көрсөтүп, баланчаны шайлайсың деп кыйнай албайт. Мамлекеттик кызматкерлер тигил же бул талапкердин пайдасына иштебейт. Иштесе жоопкерчиликке тартылып, жазасын алат», — дейт ал.

Сүйүн Касмамбетовдун пикиринде, шайлоо — бул саясый люстрация. «Айрым радикалдуу жарандарыбыздын оюна койсо, «жакпаган саясатчылардын баарын тизип туруп атыш керек» дейт. Азыр 21-кылым. Андай кылган болбойт. Азыркы метод — эң туура метод. Саясатчымын деген жаран үчүн элдин добушун албай, көпчүлүктүн ишеничинен кетип, парламентке өтпөй калуудан өткөн жаза жок. Мына жаза, мына люстрация деген ушул», — дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости