www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министрлигинде «эшегине тушагы» жарашкандай

Орусча, кыргызча сүйлөсө, журналисттер менен маек курса тилинен чаң чыгып, бардыгы эле орундуу көрүнгөнү менен, иши чаржайыт болуп, бечелдей бир ордунан алдыга жылбаган Аскарбек Жаныбеков деген министр бар. Сөзү менен иши төп келбегени ушул да, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу азыр андан бетер кооптуу абалда. Министр болсо баалардын асман чапчыганын дүйнөлүк кризиске шылтап коюп, камырабай жүрөт.

Аныгында, айыл чарбасына миллиондогон акча бөлүөт. Аскарбек Жаныбеков жетектеген минстрликтин өкүлдөрү ошол миллиондогон каражат жумшалып жаткан долбоорлор боюнча парламентте отчёт берип, «мамасы 2000 литр, папасы 11 мин сүт берет» деп «ачылыш» жасашып, мындан ары Кыргызстанда букалар да сүт бере турганын жарыялаган.

Депутат Аалы Карашев болбосо бул «жаңылык» бүт дүйнөгө тарайт беле? Көрсө, министрликке тиешелүү ири мүйүздүү малды асылдандыруу боюнча долбоорду малдын эркек-ургаачысы болоорун билбеген кесиби агроном Төрөгул Беков жетектейт экен. Ал 8000 баш уйду жасалма уруктандырдык деп чоң жетишкендик катары жарыялап жатканы, тескерисинче, иш начар жүргөнүн далилдейт.

Көрсө, мындай көлөмдө уруктандыруу бир чарбага эле жетет тура, ал эми жалпы өлкө үчүн бул бир тамчыдай эле экен. Аны түшүнбөгөн Төрөгул Беков шапкесин көккө ыргытып, чоң жетишкендик катары мактанып жатпайбы.

Ал эми министрдин орун басары Азамат Мукашев болсо, өлкөдө канча асыл тукум мал өстүрүүчү чарба, канча үрөнчүлүк чарба бар экенин да билбейт, андан кабары да жок. Ал «2» алган окуучудай депутаттардын алдында оозун ачып отуруп берди. Министрликтин суу чарба департаментинин башчысы мелиориациядан түшүнүгү жок юрист-мугалим Нурлан Шерипов.

Айыл чарба министрлигинде бир да компетенттүү адис жок окшойт, мал чарбасын агроном караса, суу чарбасын юрист эрмектесе, дыйканчылык тармагына бир энергетикти коюп коюшса жарашып эле калчудай. Ушундай «эшегине жараша тушагы» дегендей дилетант командасы менен Аскарбек Жаныбеков бүтүндөй өлкөнүн шopyна калбаса болду. Ачык коркунуч жаралууда...

Булак: Азия News гезити

Последние новости