Азия News: А.Жапаров Кыргызстанды Сингапурга айлантат же уят болот
Саясат  |   |  2744

Министрлер кабинетинин төрагасы, пезиденттик администрация башчысы Акылбек Жапаров элди үмүттөндүргөн убадаларды берүү менен ишин баштады окшойт. Анын айтымында, тешиктери бүтөлбөгөн өлкө бюджети быйыл 280 миллиард менен жыйынтыкталса, келээрки жылы 400 миллиардга чейин көбөйөт.

Жаңы төраганын планы боюнча, бажы алымдары 100 миллиардга, салык 150 миллиард сомго көбөйөт экен. Ошондо, бул тармактагы коррупция толугу менен токтойбу?

Мамлекеттин чөнтөгүндөгү акчаны өзүнүн чөнтөгүнө салып уурдап көнгөн коррупционерлер кылаар иши жок калып, иш таштоого өтүшөбү?

Минтип иштесе Акылбек Жапаров Кыргызстанды тез эле гүлдөтүп, Сингапур кылып салат го, ыя? Ошондо уят болбойбу?..

Булак: Азия News гезити

Поделитесь с друзьями