Ысык-Көлдө 3 тонна көмүр күйүп кетти
Коом  |   |  1300

Ысык-Көл облусунда 3 тонна көмүр күйдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 14-октябрь күнү саат 18:40 чамасында Корумду айылынын Осмонов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн кампасы күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

«Жерине Ысык-Көл районунун №35 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бригада тартылып, саат 20:08де өрт чектөөгө алынып, саат 20:44тө ал толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 125 чарчы метр кампа, 5 куб метр тактай жана 3 тонна көмүр күйгөн», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями