www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев: «Шайлоо таза өтүшүнө ишенүү эрте»

- Өмүрбек Чиркешович, бийлик «бул шайлоо таптаза өтөт, эч бир админресурс колдонулбайт, добуш сатууга жол бербейбиз» дейт, сиз ушуга ишенесизби?

- Биздин тарыхыбыз көргөзгөндөй, бүгүн ишенүүгө эрте. Ылайым эле ошолор айткандай болсун, бирок партиялардын тизмесин түзүү, бир мандаттуу округдардан талапкерлерди тандоо убагында эле бийлик ресурсу, акчасы, эли, кол алдында адамдары бар кандидаттарды өзүнүн «короосуна» айдап кирет. Ошонун өзү админресурсту пайдалануунун бир формасы.

Эми ал мейли, ага көнүп калганбыз. Көпчүлүк адамдар бийлик менен конфликтке баргысы келбейт. Алдуу-күчтүү, колунда барлар ар дайым мамлекеттик машинанын камчысын чаап келген, азыр деле ошондой.

Эң негизгиси, бийлик массалык добуш сатып алууга жол бербеши керек. Анан оппозициялык партиядагы талапкерлерди коркутуу, тизмеден чыгаруу, криминалдык, укук коргоо органдарынын кысымы менен командаларды алсыратууга окшогон көрүнүштөргө барбашы зарыл.

- Айтсаңыз, бийлик бул шайлоодо өз партиясын алып чыкпайт деди...

- Бийликтин партиясы кайсылар экенин кыргызстандыктар билет. Билбегендер шайлоо башталганда көрөт. Ага аз калды...

Булак: Азия News гезити

Последние новости