www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда “эски континент” аталган Европада көгүлтүр отунга болгон баанын эбегейсиз көтөрүлгөн маселе дале курч бойдон калууда. Бул маселенин жаралышынын бирден-бир себепкери деп Европанын бир топ өлкөлөрү Орусияны сынга алып келет.

Эске салсак, кечээ Орусия президенти Владмимр Путин “Орусиянын энергетикалык жумалыгы” деп аталган форумда дээрлик 3 сааттан ашык убакыт бою жалаң чет өлкөлүк журналисттердин жана топ-менеджерлердин суроолоруна жооп берди. Журналисттердин суроолорунун дээрлик көпчүлүгү Европадагы газга болгон таңкыстык тууралуу болду.

Путин көгүлтүр отун тууралуу жана Европада жаралган бул маселе боюнча: “Учурда Европада газга болгон баанын өсүп кетишин алар жылуулук энергиясына болгон дефицит катары баалап жатышат. Менин пикирим тескерисинче. Бул тармакта биздин өнөктөштөр соо башка - оорулуу нерсени жүктөп жаткандай болууда. Орусия эч убакта энергоресурстарды курал катары пайдаланбайт.

Болгону, алар кош стандарттуу “оюндарын” канчалык эртерээк токтотсо, ошончолук алардын өзүнө жана баарыбызга жакшы болот, - деди Путин. Орусия президентинин мындай жообун Кытайдын «Чуньцю» маалымат агенттиги: “Путин Европага акыркы эскертүүсүн берди”, - деп жазып чыкты. Бул маалымат булагы, негизинен, ааламдагы актуалдуу стратегиялык изилдөөлүр тууралуу баяндап келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости