УКМК тарабынан кармалган ишкер Салымбеков камалды
Кылмыш жана кырсык  |   |  2184

Бизнесмен Эркин Салымбеков УКМКнын тергөө абагына бир айга калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлайт. Анын баш коргоо чарасы тандалып, сотко чейинки өндүрүш иши аяктагыча, тагыраагы, 6-декабрга чейин камакка алынган.

Эске салскак, буга чейин Эркин Салымбековдун УКМК тарабынан кармалгандыгы маалымдалган. Ишкердин эмне себептен кармалганы боюнча маалымат бериле элек. Эркин Салымбеков «Дордой-Дыйкан» базарынын директору. Ишкер Аскар Салымбековдун иниси.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями