Фармкомпаниядагы коррупция: Министрдин тууганы кармалды
Кылмыш жана кырсык  |   |  2121

Саламаттык сактоо министрлигиндеги кызмат адамдар жана фармкомпаниялар коррупцияга малынганы тууралуу кошумча факттар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, мурдагы саламаттык сактоо министринин тууганы С.Ж.К. фармкомпаниясынын кызыкчылыгын лоббилегени белгилүү болду. Ал Саламаттык сактоо министрлигиндеги кызмат адамдарына дарыларды Дары-дармек менен камсыздоо департаментинде каттоо жана кайра каттоо иштерин тездетүү үчүн акча берип келген.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен С.Ж.К. УКМКнын абагына камалды.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями