www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Болот Купешовдун дайындалганына алты ай болуп калды. Президент кабыл алып, «билим берүү системасын жакшыртуу керек» деп жаңы министрдин алдына чоң милдеттерди койгон.

Бирок ал тапшырмаларды деле аткарганга шайы келбей, эки жакты караганча убакыт өтүр, кылган ишинин дайыны жок. Эми болсо «Болот Купешов Ысык-Көлгө президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кетет экен» деген сөз желдей тарады.

Купешовго «кылмыш иши козголду, козголгон жок» деп да талаштуу маалыматтар чыгып жатат... Билим берүү министрлиги азыр эң чоң министрликтердин бири, ага ЖОЖдор жана мектептерден башка дагы илим департаменти, кесипчиликке даярдоо агенттиги, мугалимдердин билимин жогорулатуу мекемеси, билим берүү академиясы сыяктуу толгон мекемелер карайт.

Аларда иш кандай жүрүп жатат, эмне маселелер бар - Болот Купешов ага деле кызыккан жок. Ал билим берүүнү оңдомок тургай өзүнүн кол алдындагы адам ресурстары бөлүмүнүн кызматкери Жибек Мусаева мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлгөн билим берүү кызматкерлеринен үмүттөнүп, «рахмат» айткандардын документтерин коллегияга сунуш кылып, аны ыраазы кылбагандардын документтерин өткөзбөй жатканын билбейби?

Жибек Мусаева же алгандарын министр менен бөлүшүп, сыйлык берүүнү «кормушкага» айландырып алганбы? Башка чоң маселелерди жөн эле коёлу, министр Болот Купешов жок дегенде өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген кызматкери Жибек Мусаеванын тизгинин тартып, маселесин карап, тартипке чакырганга жарайбы? Же «колунан кармап бергиле» деп шалдырап отура береби?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости