www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Крым чыры: От менен кимдер ойногусу келет?

Украина ИИМинин экс-министри А.Аваков Крым жана Донбасс маселеси тууралуу радикалдуу билдирүү жасады. “Орусия оккупациялап алган Крым менен Донбассты күч менен гана кайтарып алышыбыз мүмкүн. Башка жолду көрбөй турам. Украинанын генералдык штабы мындай кадамга даярданышы зарыл”, - деп билдирди экс-министр.

Арсен Аваковдун мындай билдирүүсүн Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты М.Шермет акылсыздык деп баалады. Крым жана Донбасс боюнча расмий Киев да ар убакта саясий жана дипломатиялык маанайдагы билдирүүлөрүн “ат тезегин кургатпай” айтып келет. Ошондой эле, Украина бийлигинин аталган эки аймакты өзүнө кайра кайтарып алуу тууралуу аракеттери өтө курч экени да жашыруун эмес...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости