www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламанга аттанган Таалайбек Сарыбашев дагы уят кылбайбы?

2020-жылы Ош мэриясы Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү боюнча тендер өткөргөнү, натыйжада, 252 миллион сомдук долбоорду «Капитал курулуш» ЖЧКсы утканы шек жараткан.

Бул боюнча УКМК өткөн айда коррупция беренеси менен кылмыш иштерин козгогону белгилүү. 2020-жылы Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев эле. Дал ушундай оор кылмыштан шектелген адам учурда «Ата-журт Кыргызстан» менен аламанга аттанып атыптыр.

Муну кандайча түшүнсө болот? Артында «калбыры» бар неме партияга көлөкөсүн түшүрүп, артка тартпайбы? «Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз» дегендей, Таалайбек Сарыбашев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу катары он күн гана иштеп, кызматтан кеткенин унута элекпиз. Дагы уят кылбайбы? 

Булак: Азия News гезити

Последние новости