www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары муниципалдык жүргүнчү ташыган ишканалардын техникалык бузулушуна жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишине байланыштуу шаардык транспорттун кыймылдуу курамы кыскарды, каттамга 120-128 троллейбус жана 85-95 автобус гана чыгыпжатат.

Жүргүнчүлөрдү ташуунун дээрлик 85% жеке транспорттук компаниялар жүзөгө ашырат.

Бул тейлөө рыногундагы тенденция терс факторлор менен да мүнөздөлөт: кыймылдуу курамдын кыскарышы (бүгүнкү күндө болжол менен 3,5 миң автоунаанын ордуна шаардыктарды 1,0 миңден ашык эмес унаа тейлеп жатат), айдоочу штатынын жетишсиздиги (атаандашсыз эмгек акы) жана, жалпысынан, жеке компаниялардын кызыкчылыктарын транспорттук кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүнө багыттоо.

Натыйжада Бишкек шаарынын тургундары акыркы бир нече жылдан бери шаардык транспорттук кызматты тиешелүү көлөмдө жана сапатта аткара алышпады. Жеке жүк ташуучулардын ишинин үзгүлтүккө учурашы өзгөчө жагымсыз болду.

2021-жылдын июнь айында маршруттук каттамдардын айдоочулары иш таштаганда, коомчулук, борбор калаанын тургундары өз тилектештигин, өз-ара жардамын көрсөткон,  бирок Бишкекти транспорттук маселеден чыгаруу оңой болгон жок.

Жагдайларды эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши көптөн бери көтөрүлүп келген тарифтерди жогорулатуу боюнча токтом кабыл алды. Бул факторлордон тышкары, шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтерине күйүүчү майдын, запастык бөлүктөрдүн жана тетиктердин баасынын өсүшү олуттуу таасир тийгизүүдө.

Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен бирге жүргүнчүлөрдү ташуунун эрежелерин бекитүү боюнча иштер жүрүп жатат, анда тейлөөнүн сапаты жана бардык коомдук транспортту электрондук билетке өткөрүүнүн катаал шарттары көрсөтүлгөн.

Мэрия автобус паркын көбөйтүү үчүн ишин күчөттү. Бүгүнкү күндө ЕРӨБ жана газ менен жүргөн 250гө жакын автобус сатып алуу жана АӨБ менен 150 электроавтобустарды сатып алуу боюнча келишимдер ишке ашыруу стадиясында турат. Ошондой эле, экологиялык таза күйүүчү май менен шаарга узун автобустарды жеткирүү боюнча жеке инвесторлор менен бир катар сүйлөшүүлөр өтүүдө.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости