www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчылар кеңешинин мааракелик жыйынына видеоконференция тартибинде катышат.

Жыйын Беларустун төрагалыгында өтөт. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери шериктештик алкагында өз-ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча КМШ мамлекет башчылары бир катар документтерди кабыл алаары пландалууда. Алар, негизинен, шериктештиктин 30 жылдыгы, биологиялык жактан коопсуздукту камсыздоо, миграция тармагындагы жана шериктештик алкагында жарандардын шайлоо укуктарын коргоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости