www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашы жетелек кызды зордуктоого шектүү катары 1996-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 12-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош шаарындагы түнкү эс алуу жайларынын биринен шектүү 2006-жылы туулган кыз менен таанышкан. Андан соң аны Ош шаарынын Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине түнкү саат 03:00 чамасында унаасына салып алып барып, кыздын эркине каршы, күч колдонуп зордуктаган. Жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөндөй, шектүү кызды бычак такап коркутуп, зордуктаган. Жабырланган кыз мектеп окуучусу. Экспертиза жабырлануучунун зордукталганын тастыктаган.

«Учурда шектүү катары кармалган 1996-жылы туулган О.уулу Э. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүү мурда ички иштер органдарында, Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен», - деп айтылат маалыматта. Учурда Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-пунктунун белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости