www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки күндөн бери Эдил Байсаловдун: «Жер тепкилесеңер дагы, биздин кылыбыз кыйшайбайт», – деген сөздөрү айланасында катуу талкуу жүрүп жатат. Байсалов чындап эле орой айтты, бирок анын сөздөрүнүн артында – Жогорку кеңеште мындан ары саясий оюн болбойт, ага биз жол бербейбиз деген нерсе жатат. 

Сөзүнүн башка бир жеринде ал – депутаттардын артынан кубалап, эми өкмөт жалдырабайт деп, дагы бир жолу орой сүйлөдү. Орой сөздөр болгону менен, парламентте өтө эле жайылып кеткен саясий оюндар менен интригалар чындап эле көп нерсеге тоскоол болуп келген.

Андан бир күн мурда, 12-октябрда, Акылбек Жапаровдун Жогорку кеңештин комитетинде: «Саясат киришпесе, олигархтар, депутаттар, министрлер же ошолордун үстүндө турган саясатчылар экономикага кийлигишпесе, бюджетти көтөрөбүз», – деген сөзүн Байсалов орой түрдө кайталады. 

Балким, ошондой интригаларды токтотуу үчүн, чындап эле катуу чаралар менен орой сөздөр керек. Маселе – интригага алдырбайбыз деген өзү да интрига болушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости