www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери  калк  арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу  Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 6-августунда эртең менен саат 05.30 чамасында Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикстан тараптан белгисиз адамдар болжол менен мергенчилик куралдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине көздөй ок чыгарышкан. Жыйынтыгында чек ара отрядынын аскер кызматкерине белгисиз куралдан ок тийип, жаракат алгандыктан Баткен облусунун биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Ошондой эле,  6-август күнү кечки саат 18.30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылы менен чектешкен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Чоркух айылы менен чектешкен жер тилкесинде Көк-Таш айылынын жашоочусу 65 жаштагы Р.М. өзүнүн үлүш участкасында иштеп жүргөн жеринде Тажикстан Республикасынын аймагы тараптан белгисиз адам белгисиз ок атуучу курал менен Р.Мге карата ок чыгарган. Натыйжада Р.Мдин оң желкесине жана оң жак жамбашынын үстүнө ок тийип,  Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган.

Бул фактылар Баткен РИИБнин КЖБРне  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 30/130-беренеси (Киши өлтүрүүгө аракет жасоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Азыркы учурда,  милиция кызматкерлери  калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. 

Учурда кыргыз-тажик участкасындагы мамлекеттик  чек арада абал туруктуу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости