www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов түркмөн элинин улуттук каада-салты, жүрүм-туруму тууралуу «Түркмөндөрдүн руханий дүйнөсү» деген китеп жазды. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Ага ылайык, китеп 12 бөлүктөн турары, «Түркмөнстан – нейтралитеттин мекени» деген ураан алдында жарыяланары айтылган. Ошондой эле «жашоонун көркөмдүгү», «жердеги бейпилдик», «тирүүлүктүн түбөлүктүүлүгү», «илим менен билим берүүнүн коомдун өнүгүшүндөгү мааниси», «дени сак жашоонун принциптери», «мээнеткечтик жана меймандостук» деген темалар чечмеленип берилгени көрсөтүлгөн.

Агенттик билдиргендей, китеп басмаканага жөнөтүлдү жана өлкөнүн Эгемен күнүнө карата президенттин жакшы белек болмокчу.

Бердымухамедов дары чөптөр, аргымак, чай жана башка темалар камтылган баш-аягы 40тан ашык китеп жазган. Анын эмгектеринин үзүндүлөрүн такай мамлекеттик телеканалдарда көркөм окуп турушат жана ал китебин белек кылганда ким болбосун өөп, чекесине тийгизип коюу салтка айланган.

Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарып келаткан Бердымухамедов эл аралык коомчулукту адаттан тыш жүрүм-туруму менен таң калтырып келет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости