www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда "каза болду" делип жерге берилген келин алты күндөн кийин полицияга өзү кайрылган. Бул тууралуу РИА Новости Times of India басылмасына шилтеме берип жазып чыкты.

Окуя Уттар-Прадеш айылында болгон. 27-июлда укук коргоо кызматкерлери чемоданга салынган кыздын сөөгүн табышкан.

"24 жаштагы аялдын үй-бүлөсү аны таанышкан. Тергөөчүлөр аялды өлтүрүүгө шектүү деп күйөөсүн жана анын ата-энесин айыпташкан. Айтымдарында, алар келинин дайыма шакаба чегишчү", — деп айтылат маалыматта.

Окуядан кийин маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, сөөгү жерге берилген. Бирок бир жумага жетпей "каза болду" делген келин полицияга өзү келип мурда иштеп кеткен коңшу шаарда жүргөнүн айткан. Башка шаарга кетип жатканын эч кимге кабарлаган эмес.

Андан кийин индиялык аялдын күйөөсүнөн жана анын ата-энесине тагылган айып алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости