www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сорос Кыргызстан Фонду облустук ооруканаларга дары-дармек каражаттарын берди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Сорос Кыргызстан Фонду коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн 7 облустук бириктирилген ооруканага жана өкмөткө караштуу ЖАМКты керектүү дары-дармек менен камсыз кылды. Жалпы колдоонун суммасы 16 453 500 сомду түздү.

Дары-дармек каражаттарынын тизмесине антикоагулянттар жана антибиотиктер кирди: клексан – 3000 таңгак, эноксапарин – 3000 таңгак, гепарин – 2000 таңгак, цефепим – 15000 таңгак.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусунун пандемиясы башталгандан бери аталган фонд жеке коргонуу каражаттарын кайтарымсыз берүү, 118 ыкчам байланыш линиясын, психологиялык жардам боюнча ыкчам байланыш ачууда көмөк көрсөтүп келүүдө.

Дары-дармектердин бөлүштүрүлүшү:

* Чүй облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 500 таңгак; Гепарин – 150 таңгак; Цефепим – 2500 таңгак; Клексан – 290 таңгак.

* Нарын облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 300 таңгак; Гепарин – 150 таңгак; Цефепим – 800 таңгак; Клексан – 180 таңгак.

* Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 150 таңгак; Гепарин – 80 таңгак.; Цефепим – 1400 таңгак; Клексан – 80 таңгак.

* Талас облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 200 таңгак; Гепарин – 150 таңгак; Цефепим – 800 таңгак; Клексан – 180 таңгак.

* Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасы: Эноксапарин – 900 таңгак; Гепарин – 670 таңгак; Цефепим – 5000 таңгак; Клексан – 500 таңгак.

* Баткен облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 150 таңгак; Гепарин – 100 таңгак; Цефепим – 1000 таңгак; Клексан – 170 таңгак.

* Жалал-Абад облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 800 таңгак; Гепарин – 700 таңгак; Цефепим – 3500 таңгак; Клексан – 600 таңгак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости