www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат аймагынын Футбол талаасы тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыккан. Бул туурасында жеринен Кутбидин Салиев билдирди.
Айтымында, окуя саат 14:30 чамаларында башталып, тажик чек арачылары менен кыргыз чек арачыларынын ортосунда келишпестик пайда болгон. "Азаттыктын" берген маалыматына таянсак,
Маалыматка караганда, тажик чек арачылары биринчи болуп эскертүү иретинде асманга ок аткан. Мунун алдында тажикстандык аскерлер макулдашыла элек линиядан өтүп келип, “Футбол талаасы” участкасында соода кылган Кыргызстандын жарандарын кубалаганы, бул аракет мыйзамсыз болгону, алар кыргыз тараптын маселени мындай жол менен чечүүгө болбойт деген эскертүүсүнө жана макулдашылбаган участоктон чыгып кетүү тууралуу талабына баш ийбей, кайра өздөрүн агрессивдүү алып жүрүп, мушташка себепкер болгону, андан кийин асманга ок атышканы жазылган Чек ара кызматынын маалыматында.
Мекеменин билдирүүсүндө бул аракеттерден кийин тажик аскерлери Кыргызстандын чек арачылары тарабынан кармалган. Окуядан кийин Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Анын жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынганы кабарланган жок", деп жазат "Азаттык".
Булак: NazarNews.kg