www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Света Тойгонбаева президенттин душмандары, анын Алмазбек Атамбаев менен болгон достугу, Сапар Исаковдун келечеги, спикерге каршы кутум жана башкалар тууралуу айтат
Көзү ачыктык кылуу жана төлгө салууга ар кандай мамиле кылса болот. Кимдир бирөөлөр олуттуу кабыл алса, башкалары мындай нерселерге теңсинбей мамиле кылышы мүмкүн. Бирок иш жүзүндө белгилүү болгондой кээ бир «көзү ачыктар» бул жолкусунда коомчулукту өзүнүн жөндөмү менен бир силкинтти. Ошолордун ичинен шыгы жана жөндөмү артыкча болгон, мурда ММК беттеринде бир канча алдын-ала айткандары жазылган Света Тойгонбаева. Мунун жаңылбагандыгын моюнга алуу керек. 2017-жылы ошондогу президент Алмазбек Атамбаевдин душмандарынын көбөйүшүн алдын ала айткан. Анын айланасындагы пикирлештери өзүнө маселе жаратаарын айткан. Бабановго шайлоо алдында өтө ылдыйкы жыйынтыкты айткан. Мурдагы премьер Сапар Исаковдун бийликте көпкө туралбастыгын, себеби ал кыянаттык менен кызмат ордунан пайдаланып жаткандыгын айткан эле. Бирок баарынан да анын көрөгөчтүгү биринчи вице-премьер - министр Темир Жумакадыровдун өлүмүн алдын ала айткандыгында болду. Төлгөсү төп келген, алдын ала айткандары көптөрдү ойго салган төлгөчү Света Тойгонбаеваны vesti.kg сайты кепке тартып, ага түшкөн аяндар тууралуу сүйлөшүп, айрым суроолорго жооп алган.
- Света айым, жакынкы күндөрү өлкөбүздө кандай жаңылыктар болот?
-Орозонун улуу күнүндө эл ынтымакка, биримдикке келиши керек деген аян түшүп жатат. Ошондой эле таарынышкандар бири-бирин кечиришиши керек. Антпесе, нааразычылыктан жыйылган кара энергия Кыргызстанды солк этчү окуяларга кептеп коюшу мүмкүн. Ошон үчүн эл жабылып, түлөө берип, кудайдан бөөдө кырсыктан, тилсиз жоолордон сакта деп суранышыбыз керек. Антпесек, Кыргызстандын эки жеринде табигый кырсык болуп, катуу сел жүрүп, малдар кырылып, эл жапа чегет деген аян түшүп жатат. Ошондой эле быйылкы жылы мөмө жемиштер жылдагыдан кеч болуп, кымбатчылык болот деген аян келди/
- Света айым, Президентибиз Сооронбай Жээнбеков тууралуу эмнелерди айтат элеңиз?
-Сооронбай Жээнбеков эки жолду тандап. Ошону менен ишимди илгерилетем, тарыхта калчу иштерди жасайм деп кыялданып жатат. Бирок, оюу жакшы болгону менен өзүнө сак болбосо, күтүлбөгөн жагдайларга кептелип калат. Өкүнүчтүүсү ал тандаган эки жолдун бири Кыргызстан үчүн жакшылыкка жол ачса, экинчиси ал күтпөгөн жагымсыз жагдайлар менен коштолот. Сооронбай Жээнбеков эгер ишимден майнап чыгарам дей турган болсо, күзөтүнөн бери алмаштырып, өзүнө кара санаган кадрлардан арылып, кара дубасын жандырышы керек. Болбосо, кенебестиктин кесепетин тартып калат. Ага бир эмес, эки чоң саясатчы тузак уюштуруп, эл алдында аброюн жок кылууну максат кылып жатышат. Алар ага сокку уруу үчүн, кырдаалды кыйындатуунун жолдорун издеп, тымызын даярдыктарды көрө баштады?- деп жазат vesti.kg.
Булак: NazarNews.kg