www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

Бүгүн, 29-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов («Кыргызстан») Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берүүнү суранды.

Ал кечээ, 28-июлда чек арада ок атышуу болгонун айтты.

Депутатка УКМКнын Чек ара кызматынын өкүлү жооп берди. Анын айтымында, кечээ, 28-июлда Көк-Таш участогунун Кум-Мазар деген жеринде жөнөкөй жарандардын ортосунда ок атышуу болгон.

«Ал жакта Тажикстандын жарандары асманга ок чыгарышкан. Чек арачылардын ортосунда ок атышуу болгон эмес», - деди ал.

Депутат Нурдинов ок атышуудан чек арачы дагы каза болгонун белгиледи.

«Ал окуя 2 жума мурун болгон. Ал жашыруун маалымат болгондуктан эч нерсе айта албайбыз. Биз маалыматты жеке өзүңүзгө гана бере алабыз», - деди Чек ара кызматтын өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости