www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 28-июлда Дүйшөмбү шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Тажикстанга иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мен бул регион менен жакшы таанышмын. Бул жакка келген сайын 90-жылдардын башындагы окуяларды эстейм», - деди Шойгу.

Анын сөзүн «Азия-Плюс» басылмасы жарыялады.

«Ошол кезде жарандык согуш учурунда жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар минстри катары гуманитардык мүнөздөгү, орус тилдүү калкты эвакуациялоо сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө, оор сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, а түгүл бандиттердин колунда туткунда болууга мажбур болгом», - деди Шойгу.

Ал эмки жумада Афганистандагы абал курчуганына байланыштуу Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын аскерлери машыгуу өткөрөрүн билдирди.

Ошондой эле ушул жылдын сентябрь айынын соңунда Оренбург облусунун Донгуз полигонунда ШКУга мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы күрөшүү боюнча аскердик машыгуусу өтөрүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости