www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында кармалган үч тажикстандык Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилгенин тастыктады, ал эми кармалып, кое берилгени айтылып жаткан дагы эки тажикстандык тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева 29-майда төмөнкүлөрдү билдирди:

“Ош облусунун Чоң-Алай жергесинде жергиликтүү тургундар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрмө жайынан тышкары жерден өтүүгө аракет кылган Тажикстандын үч жаранын кармашкан. Аларды чек арачыларга өткөрүп беришкен. Чек арачылар өз кезегинде тийиштүү документтерди толтуруп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен”.

Маалыматка караганда, окуя 28-майга караган түнү болгон.

Тажикстан тарап кармалган үч жараны боюнча азырынча расмий маалымат бере элек. “Азаттык” радиосунун тажик кызматы алардын аты-жөнү, азыр каерде экени белгисиз экенин жазды.

Тажик тарап ага чейин, 26-майда Исфара шаарынын жанындагы тактала элек тилкеде да эки жараны чек арадан кармалып, кийин кое берилгенин билдирүүдө. “Азаттыктын” тажик кызматы 27 жана 75 жаштагы эки тажикстандык талаага жайылган малын издеп жүрүп кыргыз чек арачыларына кармалганын жана кайра кое берилгенин өз булактарына таянып жазды.

Кыргыз тарап азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.

21-майда Кыргызстан Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын аймагына киришине, кайсы бир убакытка чейин болушуна, ары-бери жүрүшүнө жана транзит аркылуу өтүшүнө убактылуу чектөө киргизген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости