www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо дайындалгандыгына байланыштуу үгүт иштеринин мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгү кыскартылат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда NazarNews маалымат агенттигине аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. 

"Бул шайлоо кайра кайталанып боло тургандыгына байланыштуу мыйзамда жазылгандай үгүт иштеринин мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгү кыскартылып мурда үгүт иштерине 30 күн берилсе, азыр 20 күн берилет", - деди Маматов.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости