www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын УКМК Коррупцияга каршы кызматы «Кыргыз темир жолу «Улуттук компаниясы» Мамлекеттик ишканасында мамлекеттик сатып алууда жана уюштуруу учурундагы кезектеги коррупциялык схема аныкталды.

2018 жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта чарбалык субъект эң чоң материалдык пайда алуу максатында Мамлекеттик ишкананын жооптуу кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, 1-типтеги (жогорку сапаттагы) жыгач шпалдардын ордуна, иш жүзүндө стандарттарга жооп бербеген сапаты төмөн шпалдарды жеткирип орноткондугу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аныкталды.

Мындай иш-аракеттер адамдардын өлүмүнө алып келген темир жол кырсыгы түрүндөгү терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук экспертиза кызматы тарабынан жүргүзүлгөн соттук-медициналыкэкспертизанын жыйынтыгы боюнча бул коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды.

2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчи майрайондук сотунун чечими менен чарбалык субъектинин өкүлү «И.Г.А.» камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости