www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Кыргызстанга жүк ташууну көбөйтүү үчүн талап койду

Кытай Кыргызстан менен жүк ташууну көбөйтүү үчүн бир катар талаптарын койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрда Бажы кызматынын борбордук аппаратында ишкерлер менен жолугушуу өткөн. Ага мекеменин төрагасы Кадыржан Семетеев, экономика министринин орун басары Элдар Алишеров, Нарын облусунун башчысынын биринчи орун басары жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү катышкан.

"Анда тышкы экономикалык ишмердүүлүктү аркалагандарга 3-ноябрда кытай тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле кыргыз тарап Торугарт өткөрүү пунктунун 9:00дөн 18:00гө чейинки ишин тыныгуусуз кылууну сунуштаганы боюнча кабардар болушту", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Кытай бир нече талап койгон:

транспорт каражаттарынын жана чиркегичтердин санитардык-техникалык абалын сактоо;

бузулган жана эски унаалардын ишине жол бербөө;

жүктөрдү өткөрүп жатканда транспорт каражаттарынын техникалык параметрлеринин дал келишин эске алуу;

Кытай компанияларынын Кыргызстандагы коопсуздугун камсыз кылуу.

Жогорудагы талаптар аткарылса Кытай жүк ташуунун көлөмүн кыйла көбөйтөрү белгиленди. Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары талаптарды так аткарууну убадалаган.

Бажы кызматынын төрагасы Семетеев аталган өлкө менен сүйлөшүүлөр уланарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости