www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз темир” жолу-бул мамлекетке тиешелүү өзгөчө стратегиялык обьект. Күчтүү өндүрүш тармагы. Мындай өндүрүш тармагын толук кандуу иштетүү, өнүктүрүү үчүн атайын өндүрүштүк жогорку билими бар   квалификациялуу кадрлар талап кылынат. “Кыргыз темир” жолунун азыркы абалы оор. 2020-жыл дүйнө жүзүн кыйынчылыкка алып келген пандемия кыргыз темир жолун да кризиске кептеди. 2020-жылы март айында башталган карантин “Кыргыз темир” жолунун эл аралык каттамдарын кан буугандай токтотту. Бул кырдаал “Кыргыз темир” жолунун ички социалдык, өндүрүштүк, кадрлар маселесине да таасири тийип курч  суроолорду жаратууда. Турмуш өзү көрсөтүп жаткандай “Кыргыз темир” жолу кризистен чыгуу үчүн билимдүү, тажрыйбалуу күчтүү жетекчиге муктаж.

“Кыргыз темир” жолунда өндүрүштүк билими жок адамдар да иштеп көрүштү, бирок  өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган ишти алып кете алышпай өз каалоолору менен бошонуп кетишти. Себеби: “Кыргыз темир” жолу 32 мамлекеттин башын бирдиктүү мыйзамга камтыган эл аралык деңгээлде иш алып барган  өндүрүш. “Кыргыз темир” жолу азыркы мезгилде тажрыйбалуу, квалификациялуу билимдүү  жетекчиге муктаж.

Учурда “Кыргыз темир” жол жамааты эл аралык жогорку деңгээлде иш жүргүзүүгө жана өндүрүштү кризистен чыгарууга билимдүү кадр деп,  Улугбек Нусубалиевди көрсөтүп жатышат.

Улугбек Нусубалиевдин “Кыргыз темир” жол өндүрүшүндө эмгек стажысы 27 жыл. 48 жашта. Үй-бүлөөлү. Беш баланын атасы.

Билими:

1997-2003-жылдары Казакстандагы транспорт жана коммуникация академиясынан жогорку  билим алган, кесипкөй темир жолчу;

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясынын менеджмент багытын бүткөн. 1990-1992-жылдары Совет армиясында кызмат өтөгөн.

Профессионалдык тажрыйбасы: 1993-жылдан баштап “Кыргыз темир” жолунун ички сегиз тармагында  жетекчилик кызматтарды аркалап өтө чоң тажрыйба топтогон. Эл аралык темир жол тармагында таанымал инсан. Мезгилдин технологиялык талабына жооп берген компьютердик программалар менен иш жүргүзө билет.

Улукбек Нусубалиев, ишти уюштурууда жоопкерчилиги күчтүү, чечкиндүү, коллективде коммуникабелдүү. Өндүрүштө  эл аралык деңгеелде өз көз карашын чечкиндүү коргой алат жана жоопкечиликтүү.

Өндүрүштүн жамааты анын “Кыргыз темир” жолун мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде кризистен чыгууга акылы, билими жете турган кадр катары таанып, Өкмөттү колдоп башкы директорлукка бекитип берүүсүн суранышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости