www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнора Каримова эки тараптуу пневмониядан жабыркап, абалы начарлап кетти. Бул тууралуу анын кызы Иман Каримовага таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Анын айтымында, "жактоочулар телефон аркылуу "Гүлнора учурда өпкөнүн катуу сезгениши диагнозу менен медициналык жайда жатат. Бирок ага эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөйт. COVID-19га карата анализ тапшырууга тыюу салынып, дарыланууга дагы уруксат берилбейт" деп айтышты. Бул Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоевдин саясий оппоненти болгон мурунку президенттин кызынан кутулуу максатында жасаган ачык аракети", - деп жазган Гүлнора Каримованын кызы. 

Эске салсак, ушул жылдын март айында сот кылмыш ишинин материалдарын изилдеп чыгып, Гүлнора
Каримованы кылмыштуу коомду уюштуруу, опузалоо, уурдоо жана ысырап кылуу жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу жана башка кылмыштар боюнча күнөөлүү деп таап 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости