www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасына башкы директор болуп Азамат Сакиев дайындалды. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Анын талапкерлигин өкмөткө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сунуштаган.

Ишкананын мурдагы башкы директору Василий Дашков коррупцияга айыпталып учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ал мамлекетке келтирген зыяндын жалпы көлөмү 1,5 миллиард сомдон ашканы белгиленет.

Азамат Сакиев 32 жашта, жогорку окуу жайды Малайзиядан бүтүрүп, менеджмент адистигине ээ болгон. "Кыргыз темир жолу" ишканасында эмгек жолун 2019-жылы баштаган. Соңку убакта материалдык-техникалык камсыздоо боюнча филиалынын мамлекетик сатып алуулар бөлүмүн жетектеп турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости