www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз учактары Евробиримдиктин

Учурда Кыргызстан Европа биримдигинин (ЕБ) эксперттеринен 2020-жылдын 18-декабрында келип түшкөн маалыматтардын негизинде, биримдиктин талаптарына ылайык документтер топтомун даярдап жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев билдирди.

"2020-жылдын 25-ноябрында учуулар коопсуздугу боюнча Европа агенттигинин өкүлдөрү менен болгон видео конференцияда кыргыз тарап Европа биримдигинин эксперттери тарабынан баа берүү үчүн бир катар тиешелүү документтерди берүүсү зарыл деп айтылган. Аудитордук топ Кыргызстанга текшерүү иштерин жеринде жүргүзүүгө келишет, анын жыйынтыгы боюнча акыркы отчет Европа комиссиясына жөнөтүлөт", - дейт ал.

Шаршеев кошумчалагандай, пандемия учурунда Жарандык авиация агенттиги Россия, БАЭ, Кытай, Бангладеш, Индия, Түркия, Корея, Белорусиядан жарандарды алып келип жаткан.

"Жалпы 134 миң 745 жүргүнчүнү алып келген. Азыр жумасына "Манас" аэропортунан 29, "Ош" аэропортунан 37 учуу болууда", - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости