www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэриянын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 1 миң 33 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз калган жана эки убактылуу жашоо борборунун тарбиялануучуларына, 26 бейөкмөт уюмдун камкордукка алынган балдарына таттуу белек түрүндө даректүү социалдык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин балдарына 8 миңден ашуун таттуу белектерди сатып алышты, бул максаттарга 4 миллион 208 миң 500 сом бөлүнгөн.

Мэриядан кошумчалагандай, белектерди сатып алууга шаардык бюджеттен 578 миң 500 сом каралган.

Белгилей кетсек, кичинекей бишкектиктерди райондук акимиаттар дагы куттукташып, калктын социалдык аялуу катмарынын балдарына белектерди тапшырышты.

Эске салсак, 10 миңден ашуун балага таттуу белек түрүндө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү пландаштырылып, шаардык бюджеттен 5 млн 600 миң сом каралган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости