www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева тууралуу пикирин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.  Анда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган.  

--“Гулбара Калиева күйөөсү экөө 20 жылдан ашык убакыт мурун курган үйдө жашайт. Күйөөсү эски, оң рулдуу Хонда унаасын айдайт. Анын кызы менен күйөө баласы борбордон үй алуу үчүн чет жакта иштеп жүрүшөт. Ал көпчүлүк паракорлордун түн уйкусун бузчу. Ага ушул жылдын апрель айында эле кылмыш иши козголгон. Буга Жээнбековдун президенттик аппаратындагы күч түзүмдөрү менен соттордун куратору Алманбет Салиевдин түздөн-түз тиешеси бар. Гүлбара Калиева коррупцияга баткан соттордун арасындагы ак каргадай болчу. Ташиев мырза, сиздин Калиевага карата айткан сөздөрүңүз аны эмес, сизди мүнөздөйт. Мен анын кандай шартта жашаганынан эле ак эмгеги менен тапкан каражатка жашарын түшүндүм. Эми сизден бардык соттордун, прокурорлордун, финполчулардын, бажы кызматкерлеринин жана конторанын башчыларынын мүлктөрүн текшерип чыгууну талап кылам”, — деп жазган ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости