www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грин-карт лотереясын утуп алып, АКШда жашоого укук алган жарандар аталган өлкөгө кире албай калышкандарын айтып, президент Дональд Трамп менен мамлекеттик катчы Майк Помпеону сотко беришти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, президентти сотко бергендердин арасында Россия, Кыргызстан, Түркия, Украина Армения, Өзбекстан, Тажикстан, Палестина, Египет жана Сириянын жарандары бар.
"Кыргыз жараны Өткүрбек Абдумоминов грин-карта лотореясын утуп алып АКШга кеткен. Ал жакка баргандан кийин үй-бүлөсүнүн келишине камылга көрө баштаган. Бирок анын үй-бүлөсү коронавирус пандемиясынын айынан киргизилген чектөөлөрдөн улам АКШга бара албай калган. Мындан улам, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн визасы бүтүп жокко чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта башка өлкөлөрдөгү АКШ элчилиги коронавирус пандемиясынан улам виза бербей жатат.
Белгилей кетсек, Дональд Трамп апрель айында бир катар категориядагы чет өлкөлүктөрдүн, анын ичинде грин-карта лотереясын утуп алган жарандардын АКШга кирүүсүн убактылуу токтоткон.
Булак: NazarNews.kg