www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү ырчы, обончу Сыймык Бейшекеев кыргыз элин биримдикке чакырып, өлкөдөгү абал тууралуу билдирүү жазып чыкты.
“Күн өткөн сайын күчөгөн апааттын да аягына чыга турган күнү келет. Өмүр өзүбүз каалагандай өкчөй турган чүкө эмес экенин баарыбыз жөн гана алсыз пенде экенибизди аңдап түшүнгүдөй болдук окшойт. Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз, биринин кемтигин бири бүтөгөн кыргыз, пейилиңден айланайындарым жашооң бөтөн өлкөдө болсо да жаның мекенде болуп, жаныбызда туруп жардам бере албаганыңа жаның күйүп жанчылып атканын сезип атам. Ар бириңдин которгон каражаттарыңарды коромжусуз дарегине жеткирүүгө абийрибизге камчы чаап жандалбас уруудабыз. Журтташтарым көтөрөлү башты, биздин аракетибиз билиги өчүп бараткан үмүткө шам болсун, биригүүбүз бийик тоодон төгүлгөн таң болсун. Бүгүн биз намыска камчы чапчу, тарыхта абийир тапчу сыноо күндөбүз, биз сени ыйлатпайбыз, жоготпойбуз МЕКЕНИМ, өзүң үчүн алган арымыбыз ЭМ болсун, салган салымыбыз ДЕМ болсун. Достор азыр жан айласы кылып жалгыздап адашчу эмес, жалпы журтка жанашчу мезгил келди, бүгүн кылбаган жардамдын эртең балким кереги деле жоктур, тирүү тургандарыбыз бир дөңдө болуубуз абзел экенин аңдайлы!!!”,-деп жазат Сыймык Бейшекеев.
Булак: NazarNews.kg