www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 15 миллион 77 миң 182 адам жуктуруп алды. Анын 8 миллион 588 миң 757 бейтабы айыгып чыкса, тилекке каршы 620 миң 257 адам каза болду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 955 миң 860 адамдан коронавирус аныкталып, 142 миң 942 адам каза болсо, 1 миллион 210 миң 849 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 159 миң 654 адамдан аныкталды. 81 миң 487 адам каза болсо, 1 миллион 579 миң 194 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 193 миң 78 адам вируска кабылган. 28 миң 732 бейтап көз жумса, 753 миң 50 бейтап оорудан сакайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости