www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) күбө катары суракка чакырыллганын журналисттерге билдирди.

“Күбө катары турат чакырууда. Акыркы убакта “Фейсбук” баракчамда бийликтин шалаакылыгы, адам өмүрүн сактап калуудагы аракетинин начардыгы тууралуу жазгандарым үчүн чакырды окшойт”, - деди ал.

Кылычбек Султан атайын кызматка 23-июлда жактоочусу менен саат 11де бараарын кошумчалады. УКМКдан мурдагы элчи эмнеге чакырылганы жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Кылычбек Султан 2018-жылдын декабрында Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Ал терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогондуктан, президентке ачык кайрылганын айткан. Ошондон кийин Султанов, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости