www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык жеңил атлеттер Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн эл аралык жарышта беш алтын, бир күмүш байгеге ээ болушту. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш 30-31-март күндөрү өттү. Кыргызстандын намысын бул мелдеште төрт жөө күлүк коргоду.

Гүлшанай Саттарова 800 метрге жана 1500 метрге чуркап, эки алтын медаль тагынды. Мусулман Жоламанов 800 метрге чуркоодо 2-орунду, 1500 метрге чуркоодо 1-орунду ээледи. Анна Буланова 100 жана 200 метрге чуркап, эки алтын байгени алды. Бул мелдешке катышкан Алигаджи Мугаммедгаджиев 100 жана 200 метрге жарышка чыгып, финалга чыкпай байгесиз калды.

Кыргызстандык жеңил атлеттерди башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаев жетектеп барган. Спортчулардын мелдешке катышуусу үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциядан 538 миң сом бөлүнгөн. 

Посмотреть изображение в ТвиттереПосмотреть изображение в ТвиттереПосмотреть изображение в Твиттере

Эмилбек Чекиров@EmilbekChekirov

Кыргызстандык жеңил атлеттер Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн эл аралык жарышта беш алтын, бир күмүш байгеге ээ болушту. Г.Сатарова 800 м. 1-орун. 1500 м. 1-орун. М.Жоламанов 800 м. 2-орун. 1500 м. 1-орун. Анна Буланова 100 м. 1-орун. 200 м. 1-орун.

1

13:43 - 1 апр. 2019 г.

Смотреть другие твиты Эмилбек Чекиров

Булак: "Азаттык"

Последние новости