www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз журналистикасына - 96 жыл

Кыргызстанда бүгүн, 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат.

Кыргыз тилинде эң алгач “Эркин тоо” гезити жарык көргөн . Тунгуч гезит 1924-жылы 7-ноябрда негизделип, дал ушул күндөн татып кыргыз элине эне тилде маалыматтарды жетире баштаган. Мына ушуга байланшытуу 7-ноябр өлкөдө Маалымат жана басма сөз күнү деп белгиленген.

Баса белгилеп кетчү жагдай, 2020-жылы кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына - 96 жыл толду. Өлкө аймагында бир топ жалпыга маалымдоо каражаттары узак убакыттан бери элге ачык, так, дүйнөнүн булуң-бурчундагы бардык кабарларды жеткирип келет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары 1800 субъект жана 126 телерадиокомпаниялар катталган.

Эске салсак, 7-8-ноябрда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнү расмий белгиленип, бул күндөр дем алыш деп жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости