www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн аппаратынын экс-башчысы радиожыштыктарды мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча тергөө иштерин тездетүүнү суранды. Бул тууралуу Самат Кылжиевдин президенттин м.а. Садыр Жапаровго, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге расмий кайрылуусунда айтылат.

Ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын жаз айларында, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын бири аукцион өткөрбөй, лицензияны узартпастан кабелдик телекөрсөтүү оператору өзүнүн жыштыгын уюлдук операторго сатканын айтканын, депутат келишимдин айынан мамлекетке миллиарддаган долларлык зыян келтирилгенине толук ишенгенин эске салды.

“Ошол эле учурда ал ал кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бул ишке тиешеси бар экендигин, анткени мени укук коргоо органдарына суракка чакыргандыгын билдирди. Жалпыга маалымдоо каражаттарында коомчулуктта резонанс жараткан маалыматтар жарыяланды. Тергөө иш-чараларын жүргүзүүнү камсыздоо жана тергөө иштерине менин таасир этүү мүмкүнчүлүгүм жөнүндө ар кандай жалааларды четке кагуу үчүн мен июнь айында кызматтан кеттим. Мен күбө статусунда бул ишке катышпагандыгым жөнүндө далилдерди келтирдим” – Кылжиев.

Ошол эле учурда, ал 2019-жылдын декабрь айынан баштап, Мамлекеттик байланыш комитетине радиожыштыктарга менчик укугун өткөрүп берүү шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү боюнча бир нече жолу тапшырма бергенине көңүл бурду.

“Мамлекеттик байланыш комитети кабелдик телекөрсөтүү операторунун лицензиясы уюлдук байланыш операторуна кайра берилгенден үч ай өткөндөн кийин гана керектүү түзөтүүлөрдү киргизген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын башталышынан баштап, мен тергөө иш-чаралары аяктап, чыныгы күнөөлүүлөр аныкталганга чейин бул маселе боюнча ачык маалымат берген жокмун. Бирок жарым жылдан ашык убакыт өттү, тергөө дагы деле бүтө элек. Ушуга байланыштуу, тергөө ишин тездетүү боюнча тапшырма берүүңүздү суранам” – деп кайрылган ал.

Эске салсак, радио жыштыктарды сатуудагы чуулгандуу окуя боюнча бир нече кылмыш иштери козголгондон кийин белгилүү болгон. Буга байланыштуу мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчилигине жана УКМК кызматкерлерине айып тагылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, УКМК Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги уюлдук байланыш оператору жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, байланыш операторунун лицензиясын кайра каттап, мыйзамдарды бузган.

Аталган окуя боюнча Башкы прокуратура бул келишим мамлекетке олуттуу зыян келтирди деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости