www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаевди абактан сүрөткө тартып алгандар айып изоляторуна киргизилгенин маалымдады.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мурдагы ажо Алмазбек Атамбаевдин абактагы сүрөтү тараган.

ЖАМК билдиргендей, сүрөт 5-ноябрь күнү болжол менен саат 16:10дор чамасында №47 колонияда, кечки текшерүүдөн кийин Атамбаев башка соттолгондор менен сүйлөшүп турган учурда тартылган.

"Текшерүү учурунда абакта жаткан 26 жаштагы кишиден телефон табылган. Ал буга чейин Кылмыш кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү боюнча 30 жылга эркинен ажыратылган. Жанында өзү менен жашташ дагы бирөө болгон. Ал дагы Кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык, 17 жылга соттолгон. Мурдагы ажону сүрөткө тартып жарыялаганы үчүн Жаза аткаруу кодексинин 118-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, алар айып изоляторуна 15 суткага киргизилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө абагына которулган. Буга байланыштуу мурдагы президент ачкачылык жарыялаган болчу. Мындан улам аны №47 колонияга которушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости