www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө фейк маалыматтардан улам көптөгөн адамдар жабыркап келет, жакында эле АКШ президенти Трамп жалган маалыматтардан тажаганы тууралуу расмий жар салган. Тилекке каршы, мындай жалган маалыматтын тузагына илинген адамдардын, андан жабыркагандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Калпты чындай, чынды Кудай ургандай айтып, элди ынандырып, көздөгөн максатына жетүү үчүн жазылган күмөндүү маалыматтардын запкысын көпчүлүккө белгилүү Райымбек Матраимов да тартып келет. Тактап айтканда, шайлоого бир нече күн калганда 2-октябрда Facebook социалдык тармагына орус тилинде "РАИМ - МИЛЛИОН УБИЙЦА?", - деген чындыкка дал келбеген, карандай калпты ширелтип жазган жалган маалымат көпчүлүккө тараган.

Анда Айеркен Саймаитинин досу менен жубайынын тергөөдөгү берген көрсөтмөсүнүн негизинде түзүлгөн протокол жарыяланып, алар өз сөзүндө “Раим Матраимов маркум бизнесменди бир нече жолу коркутуп үркүтүп жанын койчу эмес" деп айтышканы жазылды. Сыягы, шайлоону утурлай  күмөн ойлорду жараткан сурак протоколун жарыялап, терс коомдук пикир жаратууга ашыгышкан. Алардын жалган маалыматты таратып, элдин оюн бузууга жасаган аракети канчалык деңгээлде ишке ашканы белгисиз болгону менен шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкса дагы “Мекеним Кыргызстан” партиясы алдыңкы орунду алганын эч ким тана албайт.

Баарынан кызыгы, элди дүрбөлөңгө салууну көздөп, чындыкка дал келбеген маалыматты ийне жибине чейин иликтебей туруп, так же фейк маалымат экенин аныктай эле жарыялап жиберишкен басылмалар да болду. Ал макалада Айеркин Саймаитинин өлүмүнө тиешеси бар адамдардын атын атап, шектүүнүн жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүн камтууга аракет кылышканы көрүнүп турат. Тагыраагы, фейк аккаунттан жарыяланган макаладагы тиркелген протоколдо Түркиянын полиция кызматкерлеринин берген маалыматы жазылган. Алсак, “ошол түнү мейманкананын жанында Сайматини атып кеткени айтылып, Түркиянын полициясы аларга "атайын өздөрү" билдиргени жазылган. Андан кийинки тиркелген протоколдо мейманкананын ээсинин берген маалыматын окууга болот. Эң кызыгы, бул жерде маркумдун аялынын берген көрсөтмөсү боюнча да түзүлгөн протоколу да орун алган. Ал күйөөсүнүн өлүмүн Абдыкадыр менен Матраимовдон көрөөрүн айтканы жар салынган. Анын айтымында жолдошу менен дал ушул адамдардын ортосунда конфликт болгон. Ошол маселеден улам аны жок кылышкан деп ойлойт. Бирок, анын шек саноосу эле туура деп ишенүүгө да болбойт. Себеби, анын өлүмүнүн сыры башка да болушу мүмкүн. Түркиянын укук коргоо органдары аны эмне үчүн өлтүрүшкөнүн аныктайт деген ишенимибиз зор. Ошондой эле Саймаитинин өлүмүнө Раимбек Матраимовдун тиешеси жок экени ачыкка чыгарат деген ишеним бар. Анткени, Түркиянын полициясы, укук коргоо органдары Айеркин Саймаити киши колдуу болуп, каза болоор замат анын өлүмүнө сириялыктардын тиешеси бар экенин  аныкташкан. Айтмакчы, башында сурак учурунда Айеркин Саймаитини аткан адамдан Кыргызстандын паспортун табышса кийин Кыргызстандын паспорту жасалма, (сатып алынган паспорт) болуп чыккан. Ал эми киши өлтүргөн адам болсо таптакыр эле башка өлкөнүн жараны болуп чыккан. Тагыраагы, Айэркин Саймаитини өлтүргөн адам Сирияда жашаганы аныкталып, аны өлтүрүүгө  буйрутма берген киши да Сириялык Адем аттуу жаран болгону ачыкка чыккан. 

Баса, фейк аккаунттар менен жарыяланган макалада тиркелген протоколдо да Саймаити дагы Түркияда акча ташуу менен алектенгени, бирок Кыргызстанга эмес, башка гоеграфиялык жактан чоң чөйрөлөрдү камтыганы баса белгиленген. Аны өлтүрүүгө Сириялык Адем аттуу жаран буйрук берип, сириялык кылмышкер өлтүргөнүнө караганда анын өлүмү Матраимов үчүн эмес, башкалар үчүн маанилүү болгон. Болгону, Матраимовдорду ага жармаштырып, каралап, терс пикир жаратып, шайлоо алдында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын көп добуш алышына тоскоолдук жаратууну көздөшкөн. Ошон үчүн анын атын Саймаитиге байланыштырышкан. Кыскасы, Матраимовдорду канчалык каралашса дагы, Айеркин Саймаитини өлтүрүүгө Матраимов кызыкдар болгон эмес. Ошон үчүн аны өлтүрдү делген адам да, аны өлтүрүүгө буйрук бергендердин жиги да Сириядан чыкты. Демек, Саймаитини Кыргызстандыктар эмес, сириялыктар өлтүртүшкөн. А эмне үчүн өлтүрдү, ортодо эмне талашы бар эле аны Түркиянын полициясы жана укук коргоо органдары аныгына чыгып иликтеп, себебин ачыкка чыгарат деп ойлойм. Анткени, Түркиянын укук коргоо органдары кимдир бирөөнүн буйругун аткарбайт. Алар иштин ийне жибине чейин иликтеп чыгып, адилеттүү баасын берет. Ошондой эле  редакциялар жана коопсуздук кызматы бул протоколдорду тастыктап четке кагат деген ойдобуз. 

Ага кошумча, социалдык тармакта жарыкка чыккан "Киши колдуу болуп каза болгон Айеркен Саймаитинин иши боюнча суракка чакырылгандардын көрсөтмөлөрү түрк полициясынан түштү", деп жазылган маалымат менен тиркеме чоң күмөн жаратат. Тагыраагы, ал маалымат - “абсурд”! Анткени, биринчиден, Түркия мындай жашыруун маалыматтарды эч качан ачыкка чыгарбайт! Экинчиден, тергөө азыркыга чейин аягына чыга элек.

Ошентип алакандай Кыргызстанда өз кызыкчылыгын ишке ашырып, жалган маалыматтар менен элди ишендирип, коомдук пикир жаратууну көздөгөн "дезинформация" бир канча түшүнбөстүктөргө алып келип, элди бөлүп жарууда.

Кыскасы, мындай жол менен элди ишендиргиси келген топтор жогорудагыдай маалыматтарды маал-маалы менен жарыялоону адатка айлантып алышты. Мындай ар түрдүү күмөндүү жана жалган маалымат тараткандардын артында өз кызыкчылыгын ишке ашырууну көздөгөн топ бар экени талашсыз. Тилекке каршы ак жеринен каралоо кыргыздын тарыхында болуп келген, ошондой эле Райымбек Матраимовго болгон каралоо дагы, Атамбаев баштаган топтун кызыкчылыгы болуп келе жатат.

Мисалы:

--Эмне үчүн Райымбек Матраимов эмес, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Бажынын башчысы болгон Кубанычбек Кулматов жана анын эки төрагасы суракка чакырылып же камакка алынбайт? - деген суроо жаралат.

--Жооп жок!

Кыргызда, “өз агасын агалай албаган, киши агасын сагалайт” дегендей, Саймаитиге “кошок” кошуп, кыргыздын жигити Райымбек Матраимовду жек көрүүнүн кажети барбы?

Райымбек Матраимовду канчалык жек көрүп тепкилесек дагы, башка байлар сыяктуу сараңданбай, миңдеген адамдардын өмүрүнө өмүр кошуп, жетим-жесирдин көз жашын арчып, ал тургай Кыргызстанда коронавирус күчөп турганда өлкөнүн баардык аймактарына чейин элге колунан келген жардамын берип келди. Матраимовдун бул кадамы милдет эмес, жөн гана адамдык сапатынын эң жогорку көрсөткүчү болсо, кайталап айталы “Айеркен Саймаитинин иши боюнча суракка чакырылгандардын көрсөтмөлөрү түрк полициясынан түштү” деген маалымат бул жеткен “КЕЛЕСООЛУК”! Анткени “түрк полициясы берди” делген кагаздарда бир дагы мөөр жок болсо, алар жашыруун маалыматтарды эч качан ачыкка чыгарбаган, мамлекеттин ички саясатына бекем турган өлкө экени талашсыз.

Кыскасы, Кыргызстанда ФЕЙК маалыматтар күч алып, кыргыз кыргызды октой дагы “боктой” баштады...Кудай сактасын, кыргызга сырткы душмандын деле кереги жоктой...

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости