www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкерлер  6-декабрь күнү саат 00:00гө чейин БШКга бардык документтерин тапшырышы керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, БШК документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде каталар же дал келбестиктер табылса, арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү. 

Ал эми талапкерге каталарды оңдоо үчүн 48 саат берилет. Эгерде комиссия талапкерди каттоодон баш тартышса, анда ал төрт күндүн ичинде БШКнын бул чечимине каршы сотко даттана алат.

Ошондой эле президенттикке талапкерлердин үгүт иштери 15-декабрда башталат. Ал эми кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Баса белгилеп кетчү жагдай, Президенттике талапкерлер: Кыргызстандын жараны, кош жарандуулугу жок, мурда соттолбогон, жашы 35тен жогору 70тен төмөн болуусу шарт.

Эскерте кетсек, буга чейин Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов жана Кубан Чороев, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев ошондой эле Нурлан Мотуевтер Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөтүү менен талапкер катары БШКга арыз берген. Талапкерлер документтерин 14-ноябрга чейин тапшыра алышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости