www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков, Президенттин Аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев катышты.

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту. Аларга багышталып куран окулду.

Ошондой эле президенттин м. а. Кыргызстанда 1920-1950-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктары болгон 40 миңге жакын адамдын сөөктөрү ушул күнгө чейин белгисиз экенин эске салды.

Садыр Жапаров Бүбүйра Кыдыралиеванын, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Болот Абдрахмановдун жана археолог Михаил Москалевдун эрдигин, алардын аракетинин аркасында Чоң-Таш айылына жакын жерде репрессияланган 138 адамдын жашыруун жана массалык түрдө көмүлгөндүгү коомчулукка маалым болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул адамдар эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу, алардын ичинде көзү өтүп кеткен Москалев да бар. Эми сөөк көмүлгөн жерде «Ата-Бейит» комплекси жайгашкан.

Ал азыркы Кыргызстандын жаңы тарыхында, элдик толкундоолордун натыйжасында, бийлик үч жолу алмашканын кошумчалады. 2020-жылдын 5-октябрындагы окуянын себептерин Садыр Жапаров адамдардын коррупцияга болгон каршылыгы деп атады. Эми ага каршы элдешкис күрөш жарыяланып, ал коомчулукка таянуу менен жүргүзүлөрүн белгиледи. Электоратты сатып алуу жөнүндө үстөмдүк кылган шайлоо психологиясы жоюлат.

Премьер-министр элдин жыргалчылыгын жана өлкөнүн экономикасын жакшыртууда өз күчүбүзгө таянуу зарылдыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, эскерүү иш-чаралары «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейинде жыйынтыкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости