www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомун холдинг катары түзүү сунушталып жатат.

Бул маалыматты аталган ишканадан ырасташты. Мындай план компанияны өнүктүрүү боюнча стратегияга ылайык иштелип чыкты. Анда холдингдин иштөө багыты кеңейтилип, өлкөдөгү кен байлыктарды издөө, чалгындоо жана инвесторлор менен бирге иштетүү каралган. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Компаниянын жетекчилиги бул өзгөрүү өз кезегинде тоо-кен долбоорлорунда Кыргызстандын кызыкчылыктарын толук кандуу коргоого мүмкүнчүлүк түзөт деп ниеттенүүдө.

“Кыргызалтын” ишканасы 1992-жылдан бери иштеп келет. Анын курамына “Макмалалтын” комбинаты, “Солтон-Сары”, “Терексай” кендери, Кара-Балтадагы аффинаждык завод кирет.

Андан тышкары Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын 32 пайыздык акциясына жана Талды-Булак кенин иштеткен “Алтын кен” ишканасынын 40 пайыздык акциясына өкмөттүн атынан ээлик кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости