www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика илимдеринин доктору,тажик профессору Ходжамахмад Умаров ЕврАзЭске эртерек өтүү керек экенин баса белгилеп «Азия-Плюс Таджикистан» басмасына маек берди: “Жакында Санкт-Петербург шаарында кыргыз менен тажиктер иштеген жерде болдум. Кыргыздар ал жерде кассир, склад башчысы, экспедитор, товар бөлгүч деген татыктуу кызматтарда иштешет экен, ал эми тажиктерге мындай иштерге уруксат беришпейт. Тажиктер көчөлөрдө короо шыпыргыч,жер төлөөлөрдө эң оор шарттарда иштешет. Кыргыздардын айлык акысы тарыхий жактан соодага жөндөмдүү тажиктерге караганда 2-3 эсе көп. Чындыгында тажиктер соода кылып,кыргыздар жер төлөөдө оор жумуштарда иштеш керек эле”-деди. Мейли дөөдүрөй берсин.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Москва шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушту. Маалыматка ылайык, тараптар өз ара кызматташуу, чек арадагы абал, чек арадагы кызматташтыкты бекемдөө жана түрдүү чагымчылдыктарга жол бербөө тууралуу сүйлөштү. Жолугушууда эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөт аралык жумушчу топтордун жолугушуусу кечеңдеп жатканы, буга коронавирус себеп болгону белгиленди. Ошондой эле жумушчу топтордун жолугушуусун жакын арада уюштуруу зарыл экени айтылды.

Мындан сырткары дагы Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери аймактык кызматташтыктын маанилүү маселелери жана эл аралык уюмдардын алкагында чогуу аракеттенүү жөнүндө сүйлөштү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости