www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-сентябрга карата 144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон компенсация төлөндү. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, коронавирустан көз жумган медиктердин жакындарына да акча берилип жатат. Бүгүнкү күндө оорудан каза болгон 21 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөнгөн.

Акматова компенсациялык төлөмдөрдү берүү уланып жатканын кошумчалады.

Республикалык штаб өкмөттүн токтомуна таянып, абал кооптуу делген жерде кызмат өтөп жүрүп COVID жуктурган медицина кызматкерлери жана инфекциянын кесепетинен каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү бир жолку компенсация алууга укуктуу экенин белгилеп кетти.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости