www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эки жергиликтүү тургун бир айылдашына оройлук менен мамиле жасап, биздин партияны колдоосун талап кылуусу боюнча ээнбаштык окуясына эч кандай тиешеси жоктугун билдирет. 

Айрым маалымат каражаттары иштин чоо-жайын тактабай туруп, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүтчүлөрү айылдашын коркутууга барганы тууралуу маалыматтарды таратып жиберген. Чынында андай окуя болбогонун дагы бир жолу баса белгилейбиз.

«Мекеним Кыргызстан» башка партиялардан айырмаланып, өз үгүтчү-агитаторлору менен расмий келишимдерди түзгөн жана муну менен катар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн бардык салык жана башка төлөмдөр төлөнгөн.

Бул албетте, башка партиялар сыяктуу эле тарапташтарыбыз кандайдыр бир келишими жок биз үчүн үгүт жүргүзө албайт дегенди түшүндүрбөйт. Кайсы бир партияны колдоп, же ага каршы үгүттөө, өз пикирин айтуу - бул ар бир жарандын укугу. Бирок мындай учурда алар партиянын расмий үгүтчүсү деп эсептелбейт.

Биз айылдаштар ортосундагы турмуштук чатакты атаандаштарыбыз биздин партиянын атына көлөкө түшүрүү аракетинде атайлап бурмалап колдонушту деп эсептейбиз.

«Мекеним Кыргызстан» дагы бир жолу бардык партияларды – саясий атаандаштарды ыплас технологияларды колдонуу менен жок жерден эле негизсиз чатак чыгарбоого жана таза күрөшүүгө чакырат.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости